USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Пакистан менен Бангладештен келген ондогон мигранттар депортацияланат

17:00, 15 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузган чет элдиктер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө убактылуу жашаган жерлеринде Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык жаран аныкталды. Алардын ичинен 64 адамдын визасынын мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүрүшкөн.

Аталган чет элдик жарандар өлкөгө коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок алардын көбүнүн тиешелүү квалификациясы жок болгондуктан жана айлык акынын аздыгынан көйгөй жаралган.

Мындан улам, УКМК жана Ички иштер министрлиги тарабынан аларга айып пул салынып, административдик протоколдор түзүлдү. Чет элдиктер жарандар келген өлкөлөрүнө депортацияланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18