06:34
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Шашылыш билдирүү. Кыргызстандын беш облусунда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-16-апрелинде күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар