05:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Балыкчыда күн электр станциясынын курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарынын Кара-Талаа аймагында 400 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушуна капсула салды. Бул жөнүндө министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаровдун айтымында, акыркы эки жылда Кыргызстандын энергетика тармагында ири долбоорлор башталды — Камбар-Ата-1, Куланак, Бала-Саруу ГЭСтери жана жүздөгөн чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат.

Биздин максат — энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү.

Акылбек Жапаров

«Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иштердин биринчи этабы аяктап, учурда техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу иштери жүрүп жатат. Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп, ири гидроэнергетикалык мамлекетке айланат. Күн энергиясын, шамалды жана биогаз технологияларын колдонуу Министрлер Кабинетинин негизги артыкчылыктарынын бири», — деди ал.

Ал күн электр станциясын курууга кытайлык Fortis Kg, Molin Energy компаниясы 400 миллион доллар инвестиция салууну пландап жатканын белгиледи.

«Биз 1,5 жылдан кийин күн электр станциясы ийгиликтүү иштей баштайт деген ишенимибизди билдиребиз», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар