Өзгөн шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарынын борбордук стадионунун жана Азнабакиев атындагы парктын аймагындагы жер тилкерлери жеке менчикке мыйзамсыз берилип, аталган жерлерде эки чайкана курулган.
Жер тилкелери 42 миллион 407 миң сомго бааланган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аталган объектилер ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.