17:54
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өлкөдө кызамыктын 7 миң 864 учуру катталды

8-апрелге карата өлкөдө кызамыктын 7 миң 864 учуру катталды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Мекеме кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатканын билдирди.

«Бунун себеби — оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын арасында вирус кеңири жайылып жатат», — деп белгиледи мекеме.

 Балдар жана чоңдор арасында кызамык менен кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу — оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүп жатат.

«Урматтуу ата-энелер! Балаңызды эмдөө менен сиз аны жана анын айланасындагыларды коопсуз жана олуттуу оорудан коргойсуз», — деп белгиледи борбор.

Эң көп окулган жаңылыктар