12:25
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жаран Өзбекстандан 26 тоннадай жезди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган

Түштүк-Батыш бажысы 26 тоннага жакын жезди мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын Т.А.А. аттуу жаранынын Volvo FH500 үлгүсүндөгү унаасын токтоткон.

Текшерүүдө жалпы салмагы 25 миң 941 килограмм жез табылган. Товар Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан. Жүк кармалып, убактылуу сактоочу кампага киргизилди. Товардын жалпы баасы Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусу боюнча 14 миллион 267 миң 550 сомду түздү. Мамлекеттик бюджетке 2 миллион 546 миң 758 сом зыян келтирилген.

Факт боюнча чогултулган материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар