08:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Казакстан менен товар жүгүртүү $2 миллиардка жетиши мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында делегация башчыларынын кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өттү.

«Бүгүнкү жолугушуубуз президенттин Казакстанга расмий сапарынын алдында өтүп жатат, бул бизге эки тараптуу мамилелердин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берет. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери кыргыз-казак өз ара аракеттенүүсү чыңдалып, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жеткендигин канааттануу менен белгилегим келет», — деди Акылбек Жапаров.

Ал эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 миллиард долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин, 2023-жылы өз ара сооданын көлөмү 1 миллиард 317 миллион долларды түзүп, ал 2022-жылга салыштырмалуу 11,6 пайызга өскөнүн белгиледи. Экспорт 455,7 милллон долларды (өсүү 10,9 пайыз), импорт 862,2 миллон долларды (өсүү 11,9 пайыз) түздү.

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар