11:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте үч жаңы жол курулууда. Акылбек Жапаров иштердин жүрүшүн текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Бакаев көчөсүн Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле фучик көчөсүн Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.



Акылбек Жапаров көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагынын соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи.

Ал мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.

24-марттан баштап Бишкекте Шүкүров көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу Медеров көчөсүнө чыгуучу көпүрөнүн курулушу башталган.

Буга чеийн мэрия Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болорун билдирген. Алар 7-апрель, Абдрахманов жана Чыңгыз Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонгон. Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар