19:16
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкек шаарынын түндүк жана түштүк бөлүгүн бириктирген үч жаңы жол пайда болот

Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 7-апрель, Абдрахманов жана Чыңгыз Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.

«Мисалы, Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилип, Шүкүров көчөсү аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Шүкүров көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн көпүрө курулат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт. Учурда көпүрөнүн долбоору даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өтүп, сынак жарыяланды. 6-мартта документтер ачылат жана подрядчы уюм тандалат. Шүкүров көчөсү — райондук маанидеги башкы көчө. Жогору жагы Ахунбаев көчөсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү каналга такалып, туюкка кептелчү. Долбоор ишке ашса, Ахунбаев менен Медеров көчөлөрү байланышат. Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу Кара-Дарыя көчөсү реконструкцияланат», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар