13:56
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Дүйшөмбү, 8-апрель иш күнү болот

Дүйшөмбү, 8-апрель иш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертти.

Майрам же жумуш эмес майрам күнү дем алыш күндөргө (ишемби, жекшемби) дал келген учурда дем алыш күн майрамдан кийинки жумушчу күнгө которулат.

7-апрелде Кыргызстанда элдик Апрель революциясынын күнү белгиленет.

«Беш күндүк иш графиги боюнча иштеген кызматкерлер үчүн 22-мартта (жума) белгиленген дем алыш күнүнүн ордуна 8-апрелде (дүйшөмбү) жумуш күнү болот», — деп белгиледи мекеме.

10-апрель Орозо айт майрамына карата дем алыш болот.

Эң көп окулган жаңылыктар