20:45
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кайра шайлоо. БШК талапкерлерди каттоону аяктады

БШК Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоону аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Жалпысынан 36 талапкер катталган, анын ичинде бир эле аял талапкер бар.

БШК 42 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети тууралуу арыз бергенин, алардын ичинен 6 талапкер кийин баш тартканын белгиледи.

Эске салсак, 28-апрелде Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот. Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондон кийин мандаттар бош калган.

Шайлоого даярдануу жана өткөрүүгө жалпы 34 миллион 648 миң сом сарпталат.

Эң көп окулган жаңылыктар