17:28
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугунун дареги өзгөрдү

Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугунун дареги өзгөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча Башкы консулдук 1-апрелден баштап жаңы дарек боюнча иштей баштады. Ал: Санкт-Петербург шаары, Набережная реки Фонтанки көчөсү, 50.

«Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерди тариздөө, ошондой эле Түндүк-Батыш федералдык округунда жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн дарекке кайрылууну өтүнөбүз», — деп билдирди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар