Бишкекте керлинг боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Instagram баракчасында Керлинг федерациясы билдирди.
Чемпиондук үчүн «Чүй», «Жалал-Абад», «Ысык-Көл» жана «Нарын» командалары ат салышты.
Жыйынтыгында «Ысык-Көлдүн» спортчулары керлинг боюнча өлкөнүн алгачкы чемпиондору болду. Алар финалда «Нарын» командасын утуп алышты. Үчүнчү орун «Чүй» командасына ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.