09:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кайра шайлоо. Арыз берген 42 адамдын арасында эки гана аял талапкер бар

БШК Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу округдары боюнча талапкерлердин арыздарын кабыл алууну аяктады.

Жалпысынан 42 арыз келип түшкөн. Талапкерлердин арасында элге белгилүү болгон ысымдар аз, тизмеде пенсионерлер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ишканалардын, коомдук фонддордун жетекчилери, жумушсуздар, мугалимдер жана жеке ишкерлер бар. Ал эми БШКнын сайтында алардын туулган күнү, иштеген жери, талапкерлигин көрсөтүү тартиби жана көрсөтүлгөн күнү гана жарыяланган.

 Алардын арасында эки гана аял талапкер бар. Экөө тең Ош окургунан шайлоого катышат.

Эми талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 31-март саат 18:00гө чейин каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшырышы керек.

Эске салсак, 28-апрелде Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот. Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондон кийин мандаттар бош калган.

Шайлоого даярдануу жана өткөрүүгө жалпы 34 миллион 648 миң сом сарпталат.

Эң көп окулган жаңылыктар