03:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

УКМК россиялык ишкер Павел Теге карата козголгон кылмыш ишин токтотту

УКМК россиялык ишкер, Capital Group компаниянын ээси Павел Теге карата козголгон кылмыш ишин токтотту.

Ал буга чейин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип жаткан.

Эске салсак, 12-мартта УКМК Павелге Теге издөө жарыялаган. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, ишкер «Камчыбек Асанбектин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага Кыргызстандын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн».

Айрым маалыматтарга караганда, 19-мартта Павел Те тергөө-ыкчам иш-чараларына катышуу үчүн Бишкекке келген.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча буга чейин ишкерге тагылган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катыштыгы жоктугуна байланыштуу алынды», — деп билдиришти УКМКдан.

Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында УКМКнын атайын операциясынын жүрүшүндө өлтүрүлгөн. АКШнын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, ал «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, паракорлук, адам сатуу жана башка мыйзамсыз иштер менен алектенген.

Эң көп окулган жаңылыктар