10:25
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

«Капитал Групптун» ээси Те Павелге издөө жарыяланды

Камчыбек Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелген орусиялык ишкер, «Капитал Групп» компаниясынын ээси Те Павелге издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Россиянын ири ишкерлеринин бири Те Павел (криминалдык чөйрөдө «Паша Кореец» катары белгилүү) тарабынан Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

«Те Павел Кыргызстандын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында крим чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен, атап айтканда, Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу менен, ошондой эле өлкө аймагында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө Камчыбек Асанбектин «өкүл атасы» катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн. Ошол эле учурда Те Павел Камчыбек Асанбектин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага Кыргызстандын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Те Павелге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланган.

Азыркы учурда ага карата эл аралык издөө жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар