14:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош округу боюнча кайра шайлоого 10 миллион сомдон ашык каражат жумшалат

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү чыгымдарынын сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул максатка 10 миллион 714 миң сом жумшалат.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин депутаттыгынан кеткенден кийин анын орду бош калган. Шайлоо 28-апрелде өтөт.

Боршайком Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын токтоткондугуна байланыштуу ушул эле күнү Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар