12:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Жогорку Кеңештин депутаттыгына 13 талапкер арыз берди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниетин билдирген талапкерлерден арыздар келип түштү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Баткен району боюнча алты талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз берди.

1. Алимберди Пайзиллаевич Бегматов 1983-жылы 30-апрелде төрөлгөн — Кыргызстандын чек арачылар коомунун жетекчиси.

2. Кеңеш Каримович Салихов 1961-жылы 4-ноябрда туулган — «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун директору.

3.Бактыяр Алиевич Калпаев 1993-жылы 9-июлда төрөлгөн — «Комфорт Хаус» ЖЧКсынын директору.

4. Максатбек Дыйканович Дыйканов 1961-жылы 21-декабрда төрөлгөн — убактылуу иштебейт.

5. Бакытбек Адылбекович Шадыманов 1984-жылы 11-ноябрда төрөлгөн — жеке ишкер.

6. Асылбек Алтымышович Мадалиев 1992-жылы 24-июлда төрөлгөн «Санарип Академия» IT мектебинде мугалим.

Кара-Суу району боюнча жети талапкер арыз берди.

1. Ганишер Абдуллаевич Бадалов 1971-жылы 2-октябрда төрөлгөн — Элдик курултайдын делегаты.

2. Бакытбек Бакир 1971-жылы 12-ноябрда төрөлгөн — пенсионер, жеке ишкер.

3. Турдубек Дүйшөнович Орунбаев 1984-жылы 21-январда төрөлгөн — жеке ишкер.

4. Сталбек Асанович Ажимаматов 1985-жылы 12-ноябрда төрөлгөн — «Евразия Строй Групп» ЖЧКсынын директору.

5. Илимбек Кубанычбекович Кубанычбеков 1995-жылы 9- сентябрда төрөлгөн Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы.

6. Руслан Номанович Маматов 1987-жылы 24-апрелде төрөлгөн — убактылуу иштебейт.

7. Толкун Турдукулович Эргешов 1970-жылы 1-сентябрда төрөлгөн — Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын региондор аралык башкармалыгынын башчысы.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. БШК Искандер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондон кийин алардын орду бош калган. Айбек Осмонов мандатын тапшыргандыгына байланыштуу ошол эле күнү Ош бир мандаттуу округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар