20:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Москва — Ош багыты боюнча каттамдардын саны көбөйөт

Орусиялык «Победа» авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Москва (Внуково аэропорту) — Ош багыты боюнча каттамдар 26-апрелде башталып, күн сайын аткарылат. Учурда билеттер сатылып жатат.

Кыргызстан «Победанын» алтынчы эл аралык багыты болот, азыр ал Түркия, БАЭ, Беларусь, Армения жана Өзбекстанга каттайт.

Эң көп окулган жаңылыктар