14:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Ош» эл аралык аэропортунда коюу тумандан улам каттамдар кармалууда

«Ош» эл аралык аэропортунда коюу туман жана кардан улам каттамдар кармалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бир нече каттамдар кармалууда. Ошондой эле аба ырайына байланыштуу Стамбул жана Москвадан Ошко учуп келе жаткан каттамдар Бишкекке конду.

«Ош» аэропортунун аймагында учуу көрүнүшү: горизонталдуу - 100 метр, вертикалдуу - 46 метр.

Түштүк борбордогу учуу абалын аэропорттун онлайн тактасынан байкоого болот.

Эң көп окулган жаңылыктар