15:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Салык декларациясын 370 миңден ашык жаран тапшырды

370 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Анын арасынан 363 миң 95 жаран электрондук түрдө тапшырган.

Салык кызматы декларацияны кийинкиге калтырбастан мөөнөтүнөн мурда тапшырууга чакырат.

1-апрелге чейин бирдиктүү салык декларациясын юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тапшырышы керек.

Ал эми 1-майга чейин төмөнкү категориядагы жарандар тапшырат:

  • жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
  • менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
  • юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
  • мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жеке жак.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар