09:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Ак-Тилекте» кезек күткөн автоунаалар эки эсе азайды

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалар эки эсе азайды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган өткөрмө бекеттин жетекчиси Азамат Анарбаев кабарлады.

Мунун алдында өкмөттүн басма сөз кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде иштей баштаганын билдирген. 

Маалыматка караганда, «Ак-Тилектеги» абал боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев казак өкмөт башчысы Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн жолдорун талкуулаган. Жетишилген макулдашууга ылайык, Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан (Казакстан Республикасы) шаарына жөнөтүлгөн. «Казакстандагы жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өткөнү» айтылат.

19-марттан бери кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» бекетинде да автоунаалардын өтүшү кыйындап, ал жерде 240ка жакын жүк тарткан автоунаа топтолуп калган. Өкмөттүн маалыматына караганда, казак тарап 5-апрелден тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу машинелерди мурдагы режимде өткөрө баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума