13:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эки округ боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирген алгачкы арыздар түштү

БШКга № 2 Баткен жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниетин билдирген алгачкы арыздар келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Баткен округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Алимберди Бегматов, Кара- Суу округу боюнча Ганишер Бадалов арыз берди.

БШК эки округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктарын эскертти.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Боршайком Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин арыздарынын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондон кийин мандаттар бош калган.

Эң көп окулган жаңылыктар