17:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо 28-апрелде өткөрүлөт

№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин чечими менен шайлоо 28-апрелге дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык уюштуруу, ал эми министрлер кабинетине зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүү, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин негизинде шайлоочулардын так тизмесин түзүү үчүн маалыматтарын тактоо тапшырылды. Министрлер кабинети ошондой эле шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууда, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын камсыз кылууда БШКга жардам көрсөтүшү керек. Мындан тышкары добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар деп айтылган «Регион ТВ» телеканалы Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу сюжеттерди чыгарган. Аларда экс-бажычынын бир тууганы Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, ошондой эле «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын аты аталган. Респонденттер Жогорку Кеңештин бул депутаттары мандаттарын ыктыярдуу өткөрүп бериши керектигин белгилешкен.

Сюжетте «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Абдыбахаб Боронбаев тууралу да айтылган. Анын дагы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат Саидбек Зулпуевге өткөрүлүп берилген. Абдыбахаб Боронбаев парламентке келгенге чейин Түштүк-Батыш бажысын жетектеген.

Жалпысынан төрт видеосюжет жарыяланып, алар YouTube платформасына жүктөлгөн.

Эске салсак, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө» боюнча шектелүүдө.

Белгилей кетсек, «Регион ТВнын» башкы редактору Өткүрбек Рахманов буга чейин журналист Адыл Акжол уулуна берген маегинде канал Камчыбек Ташиевге таандык экенин тастыктаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар