13:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Быйыл ЖЭБ, Бишкек жылуулук тармагын оңдоо иштери үчүн толук токтотуу пландалууда

Быйыл Бишкек жылуулук электр борборун жана «Бишкек жылуулук тармагын» масштабдуу оңдоо иштери үчүн толук токтотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, муну талап кылган технологиялык жабдуулар бар.

Ал ошондой эле быйыл борбор калаадагы ысык сууну өчүрүү мөөнөтү да өзгөрүшү мүмкүн экенин белгиледи. Бул жумуштун көлөмүнө жараша 30-40 күн болушу мүмкүн.

«Биз азыр чоң проекттерди иштеп чыгып жатабыз. Анын ичинде «Айыл чарба машина куруу заводу» деген откана бар, ошону дагы бир ЖЭБ кылалы деп жатабыз. Ал 100 мегватт электр жана 200-300 мегаватт жылуулук кубаттуулукта болот. Бишкектин батыш бөлүгүндөгү жылуулук алган керектөөчүлөрдү камсыздайт. Мындан тышкары, Селекция айылында жайгашкан экинчи ЖЭБди ишке киргизүү пландалып жатат. Анын электр кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт, ал эми жылуулук жагынан саатына 170 гигакалория болот. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курула турган көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна биз кубаттуулугу саатына 40 гигакалория болгон газ отканаларын курууну пландап жатабыз. Борбор калаадагы жылытуу үчүн электр энергиясын гана колдонгон үйлөр үчүн жергиликтүү жылуулук отканалары курулат», — деди Таалайбек Байгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар