11:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бир мандаттуу эки округда кайра шайлоо өткөрүлөт

Бир мандаттуу эки округда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өткөрүлөт. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев шайланып келген Кара-Суу жана Баткен райондорунда кайра шайлоо өтөт. Буга чейин БШК алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен өткөн депутат мандатын тапшырган учурда кийинки талапкер анын ордуна келерин, ал эми бир мандаттуу округдан депутат кетсе, анда жаңы шайлоо өткөрүлөрүн белгиледи.

Бирок шайлоонун так датасы азырынча белгисиз. Абдыжапар Бекматов түшүндүргөндөй, шайлоо президент белгилегенден кийин эки айдын ичинде өткөрүлүшү керек. Мындай тартип шайлоо жөнүндө мыйзамда каралган.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар деп айтылган «Регион ТВ» телеканалы Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу сюжеттерди чыгарган. Аларда экс-бажычынын бир тууганы Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, ошондой эле «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын аты аталган. Респонденттер Жогорку Кеңештин бул депутаттары мандаттарын ыктыярдуу өткөрүп бериши керектигин белгилешкен.

Сюжетте «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Абдывахап Боронбаев тууралу да айтылган. Анын дагы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат Саидбек Зулпуевге өткөрүлүп берилген. Абдывахап Боронбаев парламентке келгенге чейин Түштүк-Батыш бажысын жетектеген.

Жалпысынан төрт видеосюжет жарыяланып, алар YouTube платформасына жүктөлгөн.

Эске салсак, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө» боюнча шектелүүдө.

Белгилей кетсек, «Регион ТВнын» башкы редактору Өткүрбек Рахманов буга чейин журналист Адыл Акжол уулуна берген маегинде канал Камчыбек Ташиевге таандык экенин тастыктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар