12:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Лукашенко 2025-жылы шайлоого барарын билдирди

Александр Лукашенко Беларуста 2025-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал муну менен эң негизги саясий жарышка сегизинчи жолу катары менен ат салышат.

Лукашенко жекшембиде шайлоо тууралуу суроого жооп берип жатып, оппозициячылар тууралуу пикирин билдирди.

«Абал канчалык оор болсо, алар коомубузду ошончолук козутууга тырышат... алар сизди, мени жана коомду канчалык козутса, мен бул шайлоого ошончолук тезирээк барам», — деди Лукашенко.

Жекшембиде Беларуста парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Ага жалаң Александр Лукашенконун саясатын колдогон партиялардын өкүлдөрү катышты. Шайлоо эл аралык байкоочуларсыз өттү.

Парламенттеги 110 орун үчүн 265 адам талапкер болгон.

Литвада бозгунда жүргөн беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская элди шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн.

 
Эң көп окулган жаңылыктар