12:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Elite House компаниясынын ээси Тимур Файзиев 4-апрелге чейин камакта болот

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев 4-апрелге чейин камакта болот. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Анын абактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен тергөө кайрылган. Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы арызды канааттандырды.

Тимур Файзиевге карата кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2023-жылдын октябрь айында кармалган.

Буга чейин 2021-жылдын май айында Тимур Файзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети болгон. Бирок ал борбордо эмес болгондуктан издөөгө алынган. Ишкерге Бишкектин аймагындагы жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш боюнча айып тагылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар