12:02
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Чет өлкөдөгү жарандарга мамлекеттик кызматтар сервистик борбор аркылуу берилет

Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүү сервистик борборлор аркылуу пилоттук режимде жүргүзүлөт. Тийиштүү токтомдуу министрлер кабинети кабыл алды.

Токтом чет өлкөдө консулдук кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жок жерлерде жүргөн жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.

 Пилоттук долбоор 2024-жылдын 1-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин болот.

Чет өлкөдө консулдук кызматтарды алуу шарттарын жеңилдетүү максатында Тышкы иштер министрлиги тарабынан Россияда тейлөө борборлорун — жарандарды кабыл алуу, анын ичинде коштоочу кызматтардын бардык спектрлери, атап айтканда, алдын ала жазуу, жабдуу, кызматкерлердин да, келген адамдардын да коопсуздугун камсыздоо, жарандарга консультация берүүүчүн 24/7 колл-борбору, документтердин даяр болгондугу жөнүндө билдирүү үчүн жумушчу зоналарды берүү жөнүндө кызматташуу маселеси иштелип чыккан.

Баалоо маалыматтары боюнча учурда Кыргызстандын 1 миллиондон ашык жараны башка өлкөлөрдө жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар