13:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек ЖЭБинин активдүү кубаттуулугу 310 мегаваттка жетти

21 февраль саат 9:00гө карата Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору 310 мегаватт активдүү жүктөмдү көтөрүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу «Бишкекжылуулуктармагына» берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +61 градусту түзүүдө.

«Күн бою ЖЭБдин активдүү жүктөмү акырындык менен жогорулайт. Натыйжада берилген ысык суунун температурасы дагы жогорулайт», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар