15:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бүгүнтөн баштап ЖЭБдин активдүү жүктөмү акырындык менен жогорулайт

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек Жылуулук электр борбору 280 мегаватт активдүү жүктөмдү көтөрүп жатат. Бул тууралуу ЖЭбдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек жылуулук тармагына берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +56 градусту түзүүдө.

«Ал эми Бишкек жылуулук тармагы менен түзүлгөн абоненттик келишимге ылайык, үй-жайлардагы температура +18 градусту түзөт. Эгер имараттарда температура +18 градустан төмөн болсо, анда Бишкек жылуулук тармагынын колл-борборуна кайрылып, билдирме калтырыңыз, анын негизинде жылуулук жана ысык сууга кайра эсептөөлөр жүргүзүлөт. Кээ бир жерлерде жылуулук толук кандуу жетпей жаткан болсо, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн бардык райондордо 14 бригада тынымсыз иштеп жатат. Ошондой эле бардык контролерлор да ишке тартылган. Түшкөн арыздар кызматкерлер тарабынан каралып, актылар түзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнтөн баштап ЖЭБдин активдүү жүктөмү акырындык менен жогорулайт.

Натыйжада берилген ысык суунун температурасы дагы жогорулайт.

«Бишкек Жылуулук электр борборундагы жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу кызматкерлер күнү-түнү жеринде болуп, жабдыктар бузулган учурда техникалык иштерди ыкчам жүргүзүүдө», — деп кошумчалады мекеме.

Жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу боюнча авария же суроолор болсо, төмөндөгү номурлар аркылуу кайрылса болотт:

  • (0312) 61-11-69, 1980;
  • 0557 611166;
  • 0777 611166;
  • 0701 611166;
  • диспетчердик кызмат: 56-85-58;
  • борбордук аймактагы ички үй тармактары боюнча нөөмөтчү инженерлери: 36-57-19, 30-07-67;
  • түштүк аймактагы ички үй тармактары боюнча нөөмөтчү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.
Эң көп окулган жаңылыктар