04:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда интерактивдүү инвестициялык карта ишке кирди

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин расмий сайтында «Кыргыз Республикасынын инвестициялык картасы» интерактивдүү маалыматтык системасы пайда болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Картада потенциалдуу инвесторлорду кызыктырган демилгеленген инвестициялык долбоорлор, жер тилкелери, инфраструктуралык объектилер, пайдалуу кендер жөнүндө маалыматтар жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө системада 143 инвестициялык долбоор жана 18 жер участогу бар. Облустардын жана райондордун экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалыматтарды табууга болот.

«Системадагы инвестициялык долбоорлорду, жер тилкелерин жана башка объектиледи издөө функциясы ыңгайлуу», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар