07:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жыл башынан бери инвестициянын көлөмү 31 пайызга азайган

Өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга инвестициянын келиши 344 млн долларды түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган. Бул тууралуу ЖКнын КСДП фракциясынын жыйынында айтылды.

Экономика министри Олег Панкратовдун билдирүүсүндө, бул дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу. Ага айрым мамлекеттердин бири-бирине киргизген санкциялары да себеп болууда. Мисалы, өткөн жылы экономикасы өткөөл мезгилде турган өлкөлөргө инвестициялардын тартылышы 27 пайызга азайган.

«Өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга инвестициянын келиши 344 млн долларды түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган. Ал ами ушул мезгилде Кытайдан 127 млн доллар келсе, КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялардын көлөмү 56 млн доллардын чегинде болду. Инвестициянын келишине жергиликтүү тургундардын инвесторлорго каршылык көрсөтүп жатышы, Бишкек ЖЭБи сындуу чуулгандуу соттук иштер да кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын жашырууга болбойт», — деди министр.

Экономика министри ушул мезгил аралыгында 244 ишкана түзүлүп, цемент, кыш, турмуш-тиричилик техникалары, май сындуу өнүмдөр өндүрүлө баштаганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар