15:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылы 11 компанияга инвестициялык виза берилген

2023-жылы 11 компанияга инвестициялык виза берилген. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде чет элдик компанияларга үч инвестициялык виза берилген. Бардыгы болуп виза алуу өтүнүчү менен 16 компания кайрылган. Бирок үч ишканага виза берилген эмес, ал эми экөө алуу тартиби тууралуу маалымат берилген.

Эскерте кетсек, ишкер Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сом салууга даяр болсо, мыйзам боюнча инвестициялык виза берилет. Акча өндүрүш, өнөр жай, айыл чарба, банк иши, энергетика, билим берүү, медицина, инженердик-курулуш максаттары жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар сыяктуу тармактарга жумшалууга тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар