07:25
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 393,7 миллион долларды түздү

2019-жылдын I жарым жылдыгында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 393,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59,4 пайызга көбөйдү.

«Ушул жылдын I жарым жылдыгында инвестициялардын чыгып кеткен агымынын көбөйүшү айыл чарба ишканаларынан — 10 эсеге, курулуш чөйрөсүнөн — 4,7 эсеге, пайдалуу кендерди казуудан — 2,3 эсеге, геологиялык чалгындоодон — 1,7 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларынан — 1,6 эсеге, маалымат жана байланыш ишканаларынан — 1,5 эсеге көбөйгөндүгү байкалды. Муну менен катар, инвестициялардын чыгып кетүү агымынын мейманканалар жана ресторан ишканаларында — 46,3 эсеге, электроэнергия, газ, жана буу (жабдуу) — 2,3 эсеге, транспорт ишмердиги — 1,8 эсеге, иштетүү өндүрүшүндө — 1,5 эсеге, дүң жана чекене соода — 13,5 пайызга төмөндөдү», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар