23:06
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Орус-Кыргыз фонду чакан жана орто бизнеске 15 миллион доллар инвестиция салат

2024-жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести колдоо программасына 15 миллион доллар бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

«Бардык атамекендик ишкерлер өз идеяларын ишке ашырып (анын ичинде биздин жардамыбыз менен), Кыргызстандын экономикасын кайра индустриялаштырууга жана өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө салым кошо алат деп үмүттөнөбүз», — деп белгиледи фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Эске салсак, 2023-жылы фонд долбоорлорду каржылоого 160 миллион доллар сарптаган. Быйыл бул үчүн 140 миллион доллар бөлүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар