18:31
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

2024-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган эки долбоор ишке кирет

2024-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган бир нече долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн брифингде фонддун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө курулуш материалдарын чыгаруу боюнча эки ири долбоор курулуш баскычында турат. Алар үстүбүздөгү жылы ишке киргизилет. Мунун аркасында 1,2 миң жумушчу орун түзүлөт.

«Бул жылына 1,6 миллион тонна продукция чыгара турган ири цемент заводу. Аны ишке киргизүү цементтин баасын төмөндөтүүгө, коңшу өлкөлөрдөн импорттун ордун толтурууга мүмкүндүк берет. Ал ишке киргенден кийин курулуштун баасы төмөндөйт деген үмүттөбүз. Бул турак жайдын баасынын төмөндөшүнө алып келет жана курулуш тармагынын абалына жакшы таасирин тийгизип, калкты турак жай менен камсыз кылуу көйгөйүн натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет», — деди Бакыт Курманбеков.

Ал эми экинчи долбоор — кафель жана керамика такталарын чыгара турчу завод. Бүгүнкү күндө республикага кафель импорт аркылуу гана келет.

«Заводду ишке киргизүү бааны төмөндөтүүгө жана импортту кыскартууга мүмкүндүк берет. Бул дагы республиканын соода балансына жакшы таасирин тийгизет», — деп жыйынтыктады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар