20:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Блинкен: АКШ Борбор Азияга 25 миллион долларлык жардам берет

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанадагы расмий сапарында Орусиядан көз карандуулукту азайтуу үчүн Борбор Азияга жардам берүүгө убада берди.

Казакстандын борборунда чөлкөмдүн беш тышкы иштер министри катышкан С5+1 саммитинде АКШнын Мамкатчысы Вашингтон 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлады.

Орусия Украинада жортуулун улантып жаткан маалда Блинкен Кошмо Штаттар Борбор Азия элдеринин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн кубаттай турганын белгиледи.

Казакстан президентинин маалымат кызматы Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташуудагы «кошумча импульс» деп атаганын билдирди.

C5+1 дипломатиялык саммити 2015-жылдан бери бир нече жолу өттү. АКШнын Мамлекеттик департаменти 27-февралдагы билдирүүсүндө бул жолугушууну «чөлкөмдүн ичиндеги жана Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы кызматташууну бекемдөөчү саммит» деп атады.

Астанадагы маалымат жыйынында Блинкен Кытай Орусияга аскердик көмөк көрсөтсө опурталдуу болорун дагы бир сапар эскертти.

Блинкен Астанага 28-февралга караган түнү барган. Казакстандан ал Өзбекстанга сапар тартып, андан ары «Жоң жыйырмалыктын» жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.

Эң көп окулган жаңылыктар