15:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бир жарым миллион керектөөчү акылдуу эсептегичтер менен камсыз болот

Жакынкы эки жылда бир жарым миллион керектөөчү акылдуу эсептегичтер менен камсыз болот. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» өкүлү Таалайбек Койбагаров билдирди.

Анын айтымында, автоматташтырылган көзөмөлдөө системасын жана электр энергиясын эсепке алуу приборлорун колдонууда авариялардын жана жүктөмдүн көбөйүшүнүн фактылары азайган.

Таалайбек Койбагаров кошумчалагандай, мындай тилкелерде авариялардын жана электр энергиясын керектөө 20 пайызга чейин төмөндөгөнү байкалган. Жүктү азайтуу 25 пайызга чейин жетет. Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдүн саны азайган.

Эң көп окулган жаңылыктар