12:15
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча рейтингде 22-орунга көтөрүлдү

Дүйнөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун рейтингин түзгөн көз карандысыз The Economist Intelligence Unit экономикалык журналынын баалоосу боюнча Кыргызстан 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин башчысы Талант Иманов Facebook баракчасында билдирди.

Ал бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 миллиард сомдон ашып, 68 долбоорду түзөрүн белгиледи.

2021-2023-жылдар аралыгында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун портфели 32ден 68ге чейин көбөйтүлгөн жана 2024-жылдын башында 27 келишимге кол коюлуп, жалпы инвестициялык сумма 31 миллиард сомдон (350 миллион доллар) ашты.

«2023-жылга карата иш-чаралардын алкагында жеке инвестицияларды тартуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча 2,1 миллиард сомдон (24 миллион доллары) ашык суммада 6 келишимге кол коюлган», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума
16-май, бейшемби