11:20
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

2023-жылдын тогуз айында өлкөгө 654,6 миллион доллар инвестиция тартылган

2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанга тартылган чет өлкөлүк түз инвестициялардын суммасы 654 миллион 621,9 миң долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы инвестиция негизинен Түркия, Кытай жана Орусиядан келген. Бул жылы алдыңкы үчтүктө Кытай (157,8 миллион доллар), Россия (131,7 миллион доллар) жана Казакстан (54,9 миллион доллар) турат.

«Негизинен чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы тоо-кен, жеңил өнөр жай, соода, айыл чарба, байланыш сыяктуу тармактарга тартылды», — деди Жибек Абдуллаева.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума
16-май, бейшемби