Кемпер-Абад иши боюнча камакта жаткан Бектур Асанов Улуттук госпиталдан Молдовановка айылындагы Жазаларды аткаруу кызматынын № 31 дарылоо мекемесине которулду. Бул тууралуу 24.kg сайтына анын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди.
Адвокаттын айтымында, ал буга чейин тергөө абагынан ооруканага жаткырылып, 15-январда ага операция жасалган. Дарылануудан кийин Бектур Асанов кайрадан абакка которулду.
Эркин Булекбаев анын абалы оор бойдон экенин белгиледи.
Белгиле кетсек, буга чейин ЖАК Бектур Асанов 4-декабрда душка түшүп жатып, кафель полго тайгаланып жыгылып, моюн омурткасын оорутуп алганын билдирген. 14-декабрда «Кортекс» медициналык борборунда бел омурткасына МРТ жасалган.
Гүлнара Журабаева Бектур Асанова тез арада операцияга муктаж болгонуна карабай тергөө абагында кармалып жатканын билдирген.
Эске салсак, 2022-жылы 22-октябрда Кемпер-Абад суу сактагы боюнча комитет түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар жана парламенттин депутаттары кирген. Ошол эле күнү «Кабар» агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча митинг-жүрүштөрдүн артында кимдер турганы тууралуу маалымат бар экенин билдирген.
23-октябрдан баштап массалык камакка алуулар башталган. Бийлик жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү деген айып менен 27 кишини кармаган.
Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Бүткүл дүйнөлүк кыйноолорго каршы уюм (OMCT), Норвегиянын Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), «Свобода сейчас» (Freedom Now) сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары камалган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган.