12:12
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен энергетика тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда энергетика жана кызматташуу жаатында эки макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хассан Накви менен жолукту. Тараптар энергетика жана суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун аткаруучу директорлорунун Кыргызстанга боло турган сапары тууралуу талкуу жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүктөрүн түзүү жана ишмердүүлүгү» жана «Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорун каржылоонун 1-фазасы» жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.

«Энергетика тармагында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоолор болуп келген, маселен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча долбоорду каржылоого макулдук берген», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар