08:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жогорку Кеңештин комитети «чет элдик өкүл» долбоорун экинчи окууда колдоду

23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду. Долбоор эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Андан тышкары Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Ага ылайык, «Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн» деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.

Коомчулукта «чет элдик өкүл» деген ат менен таанылган «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова «бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт» деп айтып келет.

«Адилет» укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын «Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле «бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына» түртөрүн эскерткен.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар