Улуу Британиянын элчилиги Кыргызстандагы ЖМКлардын жагдайы боюнча билдирүү жасады. Кыргыз бийлигине кайрылуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн Instagram тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.
Кайрылууда массалык маалымат каражаттарына болуп жаткан акыркы окуялар жана бир катар журналисттердин камалышы абдан тынчсыздандырары айтылат. Кыргыз Республикасы ар дайым өзүнүн көз карандысыз ММКлары менен жана сөз эркиндиги менен сыймыктанып келген.
Анткени көз карандысыз ММКлардын болушу бардык демократиялык коомдор үчүн маанилүү.
Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги
«Бардык өлкөлөрдө журналисттер элге бейтарап маалымат берип, коомдогу ачыктыкты камсыз кылууда маанилүү роль ойношот. Биз дагы бийликти журналисттердин эркин жана коопсуз иштешин камсыз кылууга чакырабыз», — деп айтылат кайрылууда.
Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери24.kg агенттигинин кеңсесине 15-январда болжол менен саат 11.00дө келип, тинтүү жүргүзүлүп, башкы директор Асел Оторбаева, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязованы суракка алып кетишкен. Редакциялык техника жана кызматкерлердин жеке телефондору алынган.
УКМК24.kg басылмасындагы тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.
Мындан тышкары, 16-январда Temirov Live долбоорунун кеңсесинде тинтүү болуп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.
ИИМ Temirov Live и «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Кечээ кечинде кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында болушат. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.