18:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек жылуулук электр борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси болуп Алпбек Садыров дайындалды. Бул тууралуу ЖЭБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы дирекциясы кабыл алды. Ага чейин Бишкек ЖЭБин Нурлан Өмүркул уулу жетектеп келген. Ал бул кызматта бир жыл иштеди.

Алпбек Садыров буга чейин Кыргызстандагы «Моненко Иран» жабык акционердик коомунун техникалык консультанты болуп иштеген. Ошондой эле Кыргызстандын улуттук электр тармагынын капиталдык курулуш жана келечектүү өнүктүрүү бөлүмүн жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар