Кыргызстандын бийлиги Temirov Live жана 24.kg маалымат агенттигине карата кылмыш иштерин токтотуп, камактагы Temirov Live долбоорунун учурдагы жана мурдагы кызматкерлерин бошотуп, көз карандысыз журналистикага каршы репрессияны токтотушу керек. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) билдирди.
Уюмдун билдирүүсүндө белгиленгендей, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы акыркы эки жылда көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон бир катар соттук куугунтуктардан улам кескин начарлаган.
«Кыргыз бийлиги Radio Free Europe/Radio Liberty жана Kloop басылмасына болгон репрессиялардан кийин көз карандысыз ЖМКларга кысым көрсөтүүнү жандандырып, беделдүү 24.kg сайтын жана иликтөөчү журналист Болот Темировдун Temirov Live басылмасын кайрадан бутага алды. Бийлик күмөндүү негизде басылмалардын бардык жабдыктарын конфискациялап, жашыруун булактарга кирүү мүмкүнчүлүгүн алганы тууралуу маалыматтар терең тынчсызданууну жаратат», — деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азиядагы программаларынын координатору Гульноза Саид.
Кыргызстандын бийлиги Temirov Live жана 24.kg басылмаларына карата тергөө иштерин токтотуп, камакка алынган Temirov Live долбоорунун учурдагы жана мурдагы кызматкерлерин бошотуп, көз карандысыз ЖМКларга каршы репрессияны токтотушу керек.
Гульноза Саид
Согушту пропагандалоо Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесине ылайык айып пул салуу же беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Массалык баш аламандыкка чакыруу үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.
Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесине 15-январда болжол менен саат 11.00дө келишип, башкы директор Асел Оторбаева, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязованы суракка алып кетишкен. Редакцияда тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык техника жана кызматкерлердин жеке телефондору алынган. УКМК 24.kg басылмасындагы тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.
Мындан тышкары, 16-январда Temirov Live долбооунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.
ИИМ Temirov Live и «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.