19:09
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

24.kg агенттигинин жетекчилиги кайрадан суракка чакырылды

24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева менен шеф-редактор Махинур Ниязованы кайрадан УКМКга суракка чакырышты.

Алар сурак берүү үчүн 11.30га чакырылды.

Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесине 15-январда болжол менен саат 11.00дө келишип, башкы директор Асел Оторбаева, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязованы суракка алып кетишкен. Редакцияда тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык техника жана кызматкерлердин жеке телефондору алынган.

УКМК 24.kg басылмасындагы тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар