01:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Икрамов: журналисттердин суракка алынышы сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өзүнүн Facebook баракчасында 24.kg агенттигинде жүргүзүлгөн тинтүү, Temirov Live командасынын журналисттеринин кармалышы жана үйлөрүндөгү тинтүү боюнча комментарий берди.

«Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан 24.kg маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттердин «баш аламандык уюштуруу» шеги менен үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барат деп ишенем», — деп жазды депутат.

Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери редакциянын кеңсесине 15-январда болжол менен саат 11.00дө келген. Башкы директор Асел Оторбаева, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязова сурак беришти. Редакцияда тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык техника жана кызматкерлердин жеке телефондору алынды.

УКМК 24.kg басылмасындагы тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси бонча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.

Бүгүн Temirov Live каналынын мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Temirov Live жана «Айт айт десе» командасынын мүчөлөрү Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы), Азамат Ишенбеков жана Сапар Акунбеков кармалганы кабарланды. Ошондой эле «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек менен «Арча медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев камакка алынды.

Кийинчерээк Жоодар Бузумов менен Айке Бейшекееванын кармалганы белгилүү болду.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун айтымында, Temirov Live каналынын кызматкерлерине карата ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эң көп окулган жаңылыктар