06:22
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Temirov Live долбоорунун директору Махабат Тажибек кызын суракка алып кетишти

Temirov Live долбоорунун директору жана иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызын Ички иштер министрлигине алып кетишти. Ал ИИМдин кызматкерлеринин коштоосунда кеңседен чыгарылды.

Ал депутат Надира Нарматованын арызы боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен кармалганын айтууга үлгүрдү.

Ошондой эле Махабат Тажибек кызы адвокаттан баш тартпаганын да билдирди. Буга чейин адвокаттар кеңсеге кирүүгө аракет кылышкан. Бирок аларга Махабат Тажибек кызы юридикалык жардамдан баш тартканын айтышкан.

Белгилей кетсек, Temirov Live долбоорунун кеңсесиндеги жана Махабат Тажибек кызынын үйүндөгү тинтүү адвокаттарсыз жүргүзүлгөн, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Эске салсак, бүгүн Temirov Live каналынын мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Temirov Live жана «Айт айт десе» командасынын мүчөлөрү Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы), Азамат Ишенбеков жана Сапар Акунбеков кармалганы кабарланды. Ошондой эле «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек менен «Арча медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев камакка алынды.

Кийинчерээк Жоодар Бузумов менен Айке Бейшекееванын кармалганы белгилүү болду.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун айтымында, Temirov Live каналынын кызматкерлерине карата ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эң көп окулган жаңылыктар